АКШнын Ирандын өзөктүк объекттерине урган соккулары олуттуу ийгиликке жеткен жок,- Али Хаменеи

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Иран АКШнын кандай гана болбосун чабуулуна Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга сокку менен жооп берерин билдирди, деп кабарлайт Reuters, деп жазат "CentralAsia".

Израиль менен болгон ок атышууну токтоткондон кийинки алгачкы телекайрылуусунда Хаменеи Иран Катардагы АКШнын эң ири базасына сокку жасаганын айтты. Бул АКШ Израилдин чабуулдарына кошулгандан кийин болгон.
 
86 жаштагы Хаменеи Иран АКШнын президенти Дональд Трамптын кысымына карабастан багынбай турганын убада кылды. Ал Ислам Республикасы региондогу маанилүү америкалык объекттерге жеткиликтүү экенин жана мындай соккуларды кайталоого кудурети жетерин баса белгиледи.
 
Хаменеи АКШ Израилди «куткаруу» үчүн согушка аралашканын, анткени Ирандын ракеталары Израилдин коргонуу системасын бузуп өткөнүн билдирди. Бирок АКШнын Ирандын өзүктүк объекттерине жасаган чабуулдары олуттуу ийгиликке жеткен жок деп кошумчалады. Трамп мурда АКШнын бомбалоосу Ирандын ядролук программасын «жок кылды» деп билдирген, бирок бул АКШнын чалгын кызматынын баалоолоруна туура келбейт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз