Японияда «Твиттердеги киши өлтүргүч» макамы менен таанымал Такахиро Сираиси өлүм жазасына тартылды

Японияда «Твиттердеги киши өлтүргүч» деген атка конгон Такахиро Сираиси өлүм жазасына тартылды. Ал 2017-жылы негизинен 15тен 26 жашка чейинки тогуз адамды өлтүрүп, денелерин бөлүп-бөлүп салган. Бул тууралуу The Guardian-ге шилтеме берип "CentralAsia" жазды.

Бул өлкөдө 2022-жылдан бери биринчи жолу өлүм жазасы аткарылды.
 
Сираиси курмандыктарын Twitter аркылуу, суицидге жакындыгы бар адамдарга өзүн «жардам берем» деп көрсөтүп, анан Токио жанындагы батиринде өлтүрүп, дене бөлүктөрүн муздаткычтарга жашырып турган. Ал кылмыштарын толук мойнуна алган.
 
Япониянын юстиция министри Кейсукэ Судзуки жума күнү асып өлтүрүү жолу менен өлүм жазасы аткарылганын тастыктап, кылмыштарга «каракчылык, зордуктоо, киши өлтүрүү жана сөөктөрдү жок кылуу» киргенин белгиледи.
 
Японияда өлүм жазасына коомчулук кеңири колдоо көрсөтөт: 2024-жылдагы сурамжылоого ылайык, 83% жаран өлүм жазасын колдойт. 2023-жылдын декабрь айына карата 107 киши өлүм өкүмүнүн аткарылышын күтүп жаткан.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз