Ош: Папанда мыйзамсыз балык уулагандарга 1000 сомдон 7 миң сомго чейин айып пул салынды
Папан суу сактагычында мыйзамсыз балык кармаган 7 жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычында уруксатсыз балык кармаган жети жаранга административдик айып пул салынды. Алар ышкыбоздук балык уулоо эрежелерин бузган деп табылып, ар бирине Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 266-беренесинин 1-пунктуна ылайык 1000 сомдон 7000 сомго чейинки айып пул жазылды.
«Бул мыйзам бузуу фактысы NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн “Барс-2” тобунун, Ош регионалдык башкармалыктын инспекторлору жана биоартүрдүүлүк бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлгөн рейддин жыйынтыгында белгилүү болду. Рейд Папан суу сактагычынан сырткары, Ак-Буура дарыясынын боюндагы Дара зонасында да жүргүзүлдү»,- деп айтылат маалыматта.
Тартип бузуу фактыларынан тышкары, рейддин алкагында балыкчыларга мыйзам талаптарын түшүндүрүү боюнча алдын алуу иштери да жүргүзүлдү. Мындай аракеттер балык корлорун сактоо жана жапайы жаратылышты коргоо максатында туруктуу негизде улантылып келет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.