«Сары-Челек» биосфералык коругунда фотокапкандар коюлду

«Сары-Челек» биосфералык коругунда фотокапкандар коюлду. Бул тууралуу NABU Кыргызстан уюмунун Түштүк бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондйо,Жалал-Абад облусундагы “Сары-Челек” мамлекеттик биосфералык коругундагы “Сары-Челек” токой бөлүмүнүн Ала-Бейил капчыгайына 5 даана фотокапкан коюлду. Бул иш-чара NABU Кыргызстан уюмунун Түштүк бөлүмүнүн “Барс-2” тобу аталган коруктун кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлдү.
 
«Фотокапкандарды орнотуу жапайы жаныбарлардын түрдүк курамын, алардын жүрүү жолдорун жана активдүүлүк убактысын изилдөөгө багытталган. Бул ыкма менен коруктагы жаныбарлардын жашоо шарттары боюнча так маалыматтар алынып, алардын саны, түрү жана жүрүм-туруму тууралуу илимий негизделген байкоолор жүргүзүлөт. Ошондой эле, фотокапкандар браконьерликке каршы күрөштө да маанилүү роль ойнойт — мыйзамсыз аң уулоо фактылары болсо, каттоого алып, жооптуу тараптарга ыкчам чара көрүүгө мүмкүндүк берет»,- деп айтылат маалыматта.
 
Бул иш-чаранын жүрүшүндө “Сары-Челек” биосфералык коругунун егерлери менен биргеликте мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейд да өткөрүлдү. Анын натыйжасында, уруксатсыз балык уулоо фактысы аныкталып, бул ишти андан ары териштирүү максатында атайын акт менен коруктун егерлерине өткөрүп берилди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз