Мунарбек Сейитбек уулу профессионалдык рингде дебют жасайт

Кыргызстандык Мунарбек Сейитбек уулу профессионалдык рингде дебют жасайт. Бул тууралуу "Спорт АКИпресс" басылмасы жазды.

2024-жылкы Олимпиаданын финалисти жана дүйнө чемпионатынын коло байге ээси болгон Сейитбек уулунун дебюту 20-июлда Бишкекте өтө турган турнирде болот.
 
Ал күнү Bishkek Arena’да жапондук SAIKOU LUSH промоушену уюштурган достукка арналган профессионалдык бокс кечеси өтөт.
 
Сейитбек уулунун атаандашы Уганданын өкүлү Коннрад Серуенге болот (9 жеңиш — 5 жеңилүү).

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз