Улуттар кубогу: "Ак шумкарлар" Ташкентте Өзбекстан менен ойнойт

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын Борбордук Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) Улуттар кубогунун тайпалык этабындагы атаандаштары белгилүү болду.

Чүйү кулак таштоо иш-чарасы 3-июлда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөрүлүп, 8 команда эки тайпага бөлүндү.
 
Кыргызстандын курамасы "А" тайпасына түшүп, анда Өзбекстан, Түркмөнстан жана Оман командалары менен ойнойт. "В" тайпасында Иран, Малайзия, Тажикстан жана Ооганстан беттешет.
 
Кыргызстандын катышуусундагы "А" тайпасындагы оюндар Ташкент шаарында өтөт.
 
Экинчи жолу өткөрүлүп жаткан CAFA Улуттар кубогу 29-августта башталат.
 
Кыргызстандын курамасы 20-мартта Ташкентте дүйнө чемпиондугунун 2026-жылдагы тандоо турунун алкагында Өзбекстан менен ойноп, ал оюн талаа ээлеринин 1:0 эсебиндеги жеңиши менен аяктаган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз