Башкы прокуратура "ЭлКат" ЖЧКсын мамлекетке кайтарды
Башкы прокуратуранын билдиришинче, сот мурдагы чечимдерди жокко чыгарып, мыйзамсыз жоготулган мүлк боюнча мамлекеттин укугун калыбына келтирди, деп жазат "Тазабек" басылмасы.
«Кайтарылган мүлктүн базар баасы 5,8 миллиард сомдон ашат (ред. эскертүү: 5,8 миллиард сом — Улуттук банктын курсунан алганда 66,3 миллион долларга барабар)», — деп билдиришти прокуратурадан.
2025-жылдын 31-мартында президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев компаниянын офисине барган учурда, «ЭлКат» юридикалык жактан толугу менен мамлекетке өткөнүн маалымдаган.
Анын айтымында, мурда «ЭлКаттын» 51% мамлекетке — президенттин иштер башкармалыгына таандык болуп, кийин жеке адамдарга өтүп кеткен. Кийин укук коргоо органдарынын аракетинен кийин компания толугу менен мамлекеттин карамагына өткөн.
«ЭлКаттын» ЖЧКсынын жаңы директору болуп Нурадил Баясов дайындалды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.