Бийчи Жан Воинов 1 айга камалды
Бишкектеги Биринчи Май райондук соту 5-июлда бийчи Жан Воиновду 1-августка чейин СИЗО-1ге камакка алуу чечимин чыгарды.
Соттун маалыматына караганда, ал Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (бузукулук) боюнча кылмыш жасаган деп айыпталууда.
Буга чейин блогер Алина Жакыпова, Begemot Kyz деген ат менен таанылган, 30-июнда Sheraton мейманканасында аны курбусу менен бирге сабап кетишкенин айтып чыккан. Ал бул окуяга Воиновду, анын жубайы Зарина Алмасованы жана Заринанын инисин күнөөлөгөн.
Ошондой эле Воиновдун күйөө баласы да кармалган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.