Камчыбек Ташиевдин уулу Жалал-Абаддын клубуна өттү
Жалал-Абаддын «Мурас Юнайтед» футбол клубу жайкы трансфердик терезеде катарга кошулган жаңы оюнчуларды тааныштырды.
Жаңы келгендердин арасында Кыргызстандын жаштар курамасынын капитаны жана коргоочусу Эмир-Хан Кыдыршаев бар.
20 жаштагы коргоочу өткөн сезондо Словакиянын «Тренчин» клубуна январда өткөн, бирок бир да оюн өткөргөн эмес.
Ошондой эле «Мурас Юнайтедге» «Дордойдон» Ислам Юнусов менен Темирлан Самат уулу, ал эми «Кыргызалтындан» Нурбол Бактыбеков кошулду.
Кыргызстандын чемпионатынын биринчи айлампасынын жыйынтыгында «Мурас Юнайтед» «Барсты» 4 упайга озуп, турнирдик таблицанын биринчи сапсында келе жатат. Ошондой эле Жалал-Абаддык команда өлкө кубогунун жарым финалына чыкты.
12-августта «Мурас Юнайтед» Азиянын Челленж Лигасында (Лига вызова) дебют кылат. Турнирдин тандоо турунда команда Бангладештин «Абахани Лимитед» клубу менен конокто ойнойт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.