Ак-Буура дарыясына 19 жаштагы кыз менен 28 жаштагы бала чөгүп кеткен

Иллюстрациялык сүрөт

21-июнь күнү Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясына кыз менен бала чөгүп, каза болгон. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы өздүк булактарына шилтеме берип жазды.
 
ӨКМдин басма сөз кызматы бул окуянын тастыктап, окуя 21-июнь күнү болгонун, кыздын сөөгү ошол эле күнү, жигиттин сөөгү бир күндөн кийин табылганын билдирди.
 
Ош шаарынын  Төлөйкөн айылындагы Ак-Буура дарыясына 2006-ж.т Н.Т (кыз) жана 1997-ж.т С.у.Д түшүп кеткендиги туралуу "112" бирдиктүү кызматынан кабар түшкөн.
 
21-июнь күнү издөө иштерине ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынан эки жаштын туугандарынан, ИИМден жалпы 54 адам тартылып, издөө иштери башталган.
 
Аталган дарекке Куткаруу кызматы барып, ыкчам түрдө издөө иштеринин натыйжасында: аял кишинин жансыз денеси Ак-Буура дарыясынан табылып чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.Эркек кишинин жансыз денесин издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулуп, эртеси- 22-июнь күнү улантылган. 22-июнь күнү саат 09:42 изделип жаткан эркек кишинин жансыз денеси Ак-Буура дарыясынан табылып, чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз