Ташиев өткөрүп жаткан жыйында бир канча жетекчилер кармалды

Бүгүн, 9-июль күнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунда жыйын уюштурууда. Жыйынга Ош облусундагы мекме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери катышууда.

"Регион ТВнын" маалыматына караганда, жыйын учурунда "Кадастр" мекемесинин Ноокат райондук эки кызматкери, Өзгөн райондук сотунун 1 кызматкери жыйын учурунда кармалган.

Ошондой эле, Кара-Суу райондук салык кызматынын башчысынын орун басары, Өзгөн райондук салык кызматынын башчысы кармалышкан.

Алардын ишмердүүлүгү боюнча мыйзамдуу чара көрүлөрү айтылган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз