Кыргызстанда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

2025-жылдын 8-июлунда, саат 15:29да Кыргызстанда жер титирөө болду. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын күчү эпицентринде болжол менен 5,5 баллга жеткен.

Жер титирөөнүн очогу Казакстандын аймагында, Талас шаарынан түндүк-чыгышты көздөй 66 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү төмөнкүдөй болду:
— Талас шаарында жана Покровка, Арал, Жон-Арык, Орто-Арык, Кара-Суу, Көк-Ой, Өрнөк айылдарында — 3 балл,
— Бишкек шаарында — 2,5 балл.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз