Жаан жаап, күн күркүрөйт: 10-июлга карата аба ырайы
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4–9 м/с, күндүз кээ бир жерлерде 15–20 м/с чейин жетет.
Аба ырайынын температурасы:
Чүй облусу:
түнкүсүн +16…+21°
күндүз +21…+26°
Талас облусу:
түнкүсүн +11…+16°
күндүз +20…+25°
Баткен облусу:
түнкүсүн +14…+19°
күндүз +22…+27°
Ош, Жалал-Абад облустары:
түнкүсүн +14…+19°
күндүз +22…+27°
Ысык-Көл облусу:
түнкүсүн +10…+15°
күндүз +18…+23°
Нарын облусу:
түнкүсүн +7…+12°
күндүз +19…+24°
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4–9 м/с, күндүз 14 м/с чейин жетет.
Түнкү аба температурасы +19…+21°, күндүз +23…+25°.
Чолпон-Атада да жаан-чачын болуп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамал 4–9 м/с.
Түнкүсүн аба температурасы +12…+14°, күндүз +20…+22°.
Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 8-июль күнү күндүз +22,3°, ал эми 9-июль күнү эртең менен +21,3° болгон.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.