Орусия Киевди аткылады. Каза болгондор бар
Орусиянын куралдуу күчтөрү Киевге дрон жана ракета менен сокку урууда, деп билдирди шаардын аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко. Анын айтымында, чабуулдун натыйжасында эки адам каза болгон, деп жазат "CentralAsia".
Киев шаарынын мэри Виталий Кличконун маалыматына караганда, 16 адам жаракат алган, алардын 10у ооруканага жаткырылган.
Тимур Ткаченконун айтымында, Шевченко районунда дрон турак үйдүн чатырына кулап түшкөн. Ал эми Кличко ал имаратка дрондун сыныктары түшүп, жогорку кабатында өрт чыкканын билдирди.
Ткаченко кошумчалагандай, чабуулдан улам Киевде турак үйлөрдө, кампа жайларында, кеңсе жана башка имараттарда, май куюучу жайларда өрт чыккан. Ошондой эле бир нече унаа жабыркаган.
Кличконун билдирүүсүнө ылайык, Подол районундагы №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун амбулатория бөлүмү дээрлик толугу менен кыйраган.
Украиналык маалымат каражаттары кабарлагандай, жарылуулардан кийин Киевди түтүн каптап калды.
Орусиялык аскерлер Киев облусуна да дрон жана ракета менен чабуул жасашты. Обухов районунун бир тургуну жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Облустук администрациянын башчысы Николай Калашниктин айтымында, төрт райондо кыйроолор катталды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.