Бишкекте милиция кызматкери эркек кишини асфальтка жыгыта урган

Бишкекте милиционер мас адамга карата күч колдонду, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы 11-июлда, деп жазат "Сводка АКИпресс"

Мекеменин маалыматына караганда, 10-июлда 102 кызматына Кулиев көчөсүндө мас жарандар тартип бузуп жатканы тууралуу чакыруу түшкөн. Жерине патрулдук-кайгуул кызматкерлери жөнөтүлгөн.
 
Алар бейбаштык кылган эркектерди тынчтандырууга аракет кылышкан, бирок тиги жарандар милициянын талаптарына баш ийишкен эмес.
 
Социалдык тармактарда тараган видеокадрларда, алардын бири кармалып жаткан жаранга тоскоол болууга аракет кылган учурда милиционер аны урганын жана анын жерге жыгылганын көрүүгө болот.
 
ИИМдин маалыматына ылайык, укук коргоочу бул аракетке мажбур болгон, бирок ИИМдин Ички иликтөө кызматы бул окуя боюнча текшерүү жүргүзөт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз