Өлкөдөгү мектептерде сабактар 8:00дөн эрте башталбайт

Кыргызстандагы мектептерде сабактар таңкы саат 8:00дөн эрте башталбайт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги тарабынан бекитилген 2025-2026-окуу жылына карата негизги окуу планында айтылат.

2024-2025-окуу жылында Бишкектеги 121 муниципалдык мектептин ичинен 44ү сабактарды саат 7:30да баштоого өткөн. Бул чара жолдордо таңкы сааттардагы тыгындарды азайтуу максатында кабыл алынган.
 
Негизги окуу планына ылайык, 1-класстардагы сабактын узактыгы 35 мүнөттү түзөт, ал эми ар бир сабактан кийин музыкалык-эс алуучу тыныгуулар 10-15 мүнөт болот. 2-класстарда сабактар 40 мүнөт, ал эми 3-класстан 11-класска чейин 45 мүнөт болуп өткөрүлөт.
 
Эки смена менен иштеген мектептерде 1-, 2-, 5- жана компенсациялык класстардын сабактары биринчи сменада өтүшү керектиги белгиленген. 1-класста үй тапшырмалары берилбейт. 2-3-класстарда үй тапшырмаларын аткарууга 1,5 сааттан ашпашы керек, 4-5-класстарда — 2 саатка чейин, 6-8-класстарда — 2,5 сааттан ашпоосу зарыл.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз