Акжол Махмудов япониялык балбанга дагы утулуп калды
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Японияда окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат.
Команданын курамында Олимпиаданын эки жолку байге ээси жана эки жолку дүйнө чемпиону Акжол Махмудов машыгууда.
Окуу-машыгуу жыйында Махмудов менен япониялык Олимпиада чемпиону Нао Кусака жолдоштук кармаш өткөрүштү. Кармаш 3:3 эсебинде жыйынтыкталды, акыркы ыкма боюнча жеңиш япониялык балбандын пайдасына чечилди.
Махмудов менен Куска расмий турнирлерде буга чейин эки ирет беттешкен. 2023-жылкы дүйнө чемпиондугунун жарым финалында кыргызстандык балбан 7:5 эсебинде жеңсе, 2024-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунун финалында япониялык балбан өч алып, 4:2 эсебинде утуп алган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.