Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматтан кетти
Ош облусунун Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Пазыл Бактыбаев кызматтан кетти. Бул тууралуу маалыматты өзү Turmush басылмасына тастыктаган.
Анын айтымында, ал кызматтан кетүү тууралуу арызды өз каалосу менен жазган.
«Мен жумуштан кетүү боюнча арыз жаздым, бүгүн директорлор менен коштошуп кетем»,- деген ал.
9-июль күнү Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары-УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош облусундагы жана шаарындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте жыйын курган.
Анда УКМКнын төрагасы айрым Жогорку Кеңештин депутаттары кадр маселесине кийлигишип жатканын, андай болбостугун, мындай кийин мамлекет тарабынан тиешелүү чечимдерди кабыл алынарын эскерткен.
Аны менен катар эле ал ЖКнын депутаты Надира Нарматова Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнө Назипакан Тажибаеваны башчы кылуу боюнча кийлигишкенин, ал Нарматованын досу болорун айткан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.