Ош: Ак-Тилек кичи районунда 75 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу жаңы этабга чыкты
Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районунда 75 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу кызуу жүрүүдө. Имарат заманбап талаптарга ылайык, акыркы технологиялар менен жабдылып салынып жатат. Бул тууралуу Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, бала бакчанын аянты 8 сотых жерди түзөт. Эки кабаттуу, жер төлөсү бар имаратта балдар үчүн бардык шарттар каралган: оюн аянтчалары, отканалар, душ жана санитардык бөлмөлөр, трансформатор, заманбап жабдуулар жана ашкана менен камсыз болот.
«Курулуш иштери 2024-жылдын кыш айларында башталган. Алгач эски имарат толук бузулуп, аянты тазаланган. Учурда курулуштун 60% бүткөрүлүп, чатыр жабуу жана ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Биринчи жана экинчи кабаттардын колонналары орнотулуп, электр монтаж жана шыбак иштери жүрүүдө»,- деп айтылат маалыматта.
Курулушка күн сайын төрт бригададан турган 20га жакын жумушчу тартылган. Имарат сапаттуу жана узак мөөнөткө кызмат кылуучу курулуш материалдары менен салынып жатат. Бардык иштер адистердин көзөмөлүндө.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.