ИИМ милиция кызматкерлеринин атынан жасалган жалган кайрылууларга алданбоого чакырды
Кыргызстандын социалдык тармактар сегментинде милиция кызматкерлеринин атынан жасалган видеокайрылуулар тарап жатат. Бул тууралуу 15-июлда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ал видеолор алдамчылар тарабынан жасалма интеллекттин жардамы менен жасалган.
Буга байланыштуу ИИМ жарандарды мындай кайрылууларга ишенбөөгө жана маалыматты расмий булактардан гана алууга чакырат.
Мындан тышкары, бул факт боюнча сотко чейинки териштирүү иши башталды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.