Жеңишбек Токторбаев Ош мэриясынын кызматкерлеринен кондиционерсиз иштөөнү талап кылды

 

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин таңкы рейддик кыдыруусу Учар айылындагы Т.Сатиев көчөсүн капиталдык оңдоп түзөө иштеринин жүрүшүн текшерүү менен башталды, деп жазат "Турмуш" басылмасы.
 
Ош мэриясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, мында жолду тездетип бүткөрүү, коммуналдык жана чарбалык жумуштарды жасоодо жолдун ортосу менен эмес, эки чети менен алып кетүүнү тапшырды. 
 
Андан ары Абжалов, №45 көчөлөрүн кыдырып, Сүйүнбаев көчөсүн оңдоп түзөө иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты. Жеринде бир нече тапшырмалар тиешелүү кызматтарга берилип, ыкчам иш алып баруу милдеттендирилди.
 
Анда Жеңишбек Токторбаев мэриянын кызматкерлерин тилдеген.
 
«Жумушка чакырсаң келбейт, эй. «Чөп оруп алайын» деп. Мени чөбүм да көп. Эч кандай жеке жашоо жок. Чуркап жүрөм күнү-түнү. Жумушка чакырса, «чөп ором, мен чөп орушум керек» дептир. Бирөөнө да  эмгектик өргүү жок, түшүндүңүзбү? Жада калса президент эмгектик өргүүсү жок иштеп жатат. 
 
Кабинетте кондиционерлерди ким карайт?»,- деп суроо салды мэр.
 
Ош шаардык мэриясынын аппарат башчысы Масуда Айдарбекова: «6 жерде кондиционер бар»,- деди ал.
 
Жеңишбек Токторбаев: «Кондиционерлердин баарын өчүрүп койгула. Кондиционерге ылайык иш кылган жок баарычы. Түшүндүңүзбү? Баары кондиционери жок отурушсун. Кондиционерге ылайык иш кылган жок, ал жерде алардын жумушуна караганда кондиционерге көбүрөөк акча кетип жатат- светке»,- деген ал.
 
Ошондой эле ала мэриядагы бардык кызматкерлер, МАБдардын кызматкерлери баш болуп ишемби-жекшемби күндөрү «Ош» базарын тазалоого чыгышарын эскертти.
 
«Ишемби-жекшемби күнү ишембилик болот. Баары, МАБдарды кошуп алып келесиң. Баары форма менен барып, ишембиликке «Ош» базарга чыксын. Мэриядагы кыздардын бири да иштебей жатат. Баарын ишембиликке алып чыгасыз»,- деген мэр.
 
 Жеңишбек Токторбаев ар бир бөлмөдө кондиционер бар экенин, электр энергияга төлөөгө акчасы жок экенин кошумчалаган.
 
«Азыр ар бир бөлмөгө кирсең кондиционер бар. Аны төлөгөнгө акча жок мендечи. Акчаны кайдан табабыз? Кечээ түнү өттүм мэриянын астынан, түнү иштеп жатат кондиционерлер. Түнү эмне үчүн кондиционерлерди жандырып?..»,-деген ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз