Украинанын премьер-министри кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды
Денис Шмыгаль Украина премьер-министри кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды. Ал бул тууралуу өзүнүн Telegram-каналына жарыялады.
2024-жылдын 14-июлунда Украина президенти Владимир Зеленский Жогорку Радага Денис Шмыгалды коргоо министри кылып дайындоону сунуштады. Анын ордуна азыр биринчи вице-премьерлик кызматты аркалап жаткан Юлия Свириденкону премьер-министр кылууну сунуштады.
Денис Шмыгаль премьер-министрлик кызматты 2020-жылдын март айынан бери ээлеп келген.
Украинанын Коргоо министрлигин 2023-жылдын сентябрынан бери Рустем Умеров жетектеп келет. Өткөн жумада Зеленский анын АКШдагы Украина элчиси болушу мүмкүн экенин билдирген.
«Украинская правда» басылмасынын булактары кабарлагандай, Жогорку Рада өкмөттөгү өзгөрүүлөрдү 16-17-июлда бекитүүнү пландап жатат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.