Оштун милициясы бетин чүмбөттөп жүргөндөргө эскертүү берди
Ош шаарында жүзүн жашырып жана чүмбөттөгөн жарандарга эскертүүлөр берилди. Мурда эскертүүлөргө карабастан мыйзам бузган жарандарга 20 миң сомдон айып пул салынып жатат. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2025-жылдын 21-январындагы №17 сандуу Кыргыз Республикасынын Дин чөйрөсүндөгу айрым актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзамынын талабына ылайык жана Укук Бузуулар жөнүндө Кодексинин 127-1 беренеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү уланууда.
«Милиция кызматкерлери коомдук жайларда жүздөрүн жашырып жана чүмбөттөгөн жарандарга бул мыйзамдын негизги талаптары жана кесепеттери тууралуу шаар тургундарына кенири түшүндүрмө берип жатышат. Аталган мыйзам жана бул багытта Муфтияттын фатвасы бар экендигин, аны аткарууда адегенде түшүндүрүү иштерине басым жасалып, дин өкүлдөрүбүзгө ар тараптуу жардам берилүүдө.
2025-жылдын 11-12-июль күндөрү Ош шаарынын ички иштер башкармалыгында кызмат өтөшкөн аял кызматкерлерибасымдуулук кылган топтор тарабынан коомдук жайларда жүзүн толугу менен жашырып жүргөн жарандар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, айрым мурда эскертүүлөргө карабастан мыйзам бузууга барган 6 жаранга 20 миң сомдон айып пул салынды»,- деп айтылат маалыматта.
Иш-чара учурунда жаныдан кабыл алынган мыйзам боюнча коомдук жайларда жүзүн толугу менен жашырып жүргөн 80ге жакын жарандар аныкталып, аларга атайын мыйзам беренелери камтылып даярдалган буклеттер таратылып жана эскертүүлөр берилди.
Түшүндүрүү иштеринин натыйжасында Ош шаарынын аймагында жүзүн толугу менен жаап жүргөн аялдар азайып бара жаткандыгы байкалууда.
Президент Садыр Жапаров быйыл январь айында «Дин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койгон. Бул мыйзамдын талабына ылайык, Кыргыз Республикасынын Укук Бузуулар жөнүндө Кодексине дагы өзгөртүүлөр киргизилген. Аталган Укук Бузуулар жөнүндө Кодексинин 127-1 беренесинин талаптарына ылайык, коомдук жайларда жүзүн жашырган, чүмбөттөлгөн кийим кийгендерге 20 миң сомдон айып пул салына тургандыгы көрсөтүлгөн.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.