Трамп украин лидерин Москвага чабуул жасабашы керектигин айтты

Иллюстрациялык сүрөт

АКШнын президенти Дональд Трамп Украина президенти Владимир Зеленский Москвага кол салбашы керек экенин айтты. Бул тууралуу 15-июлда Reuters жана Sky News агенттиктери кабарлашты, деп жазат "CentralAsia".
 
«Жок, ал [Зеленский] Москвага кол салбашы керек», — деди Трамп журналисттерге, андан Украина Москвага сокку урушу керекпи деп сурашканда.
 
Трамп ошондой эле АКШ Украинага алыска атылуучу куралдарды, анын ичинде Tomahawk үлгүсүндөгү канаттуу ракеталарды берүү ниети жок экенин кошумчалады.
 
АКШ президентинин мындай билдирүүсү Financial Times гезити Трамп июлдун башында Зеленский менен болгон сүйлөшүүсүндө Украинаны Москва менен Санкт-Петербургга сокку урууга үндөгөн деген маалыматты жарыялагандан кийин жасалды.
 
Бул макала чыккандан кийин Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт мындай деди: «Financial Times» гезити — жоголуп бараткан басылма, алар сөздөрдү контексттен сууруп алып, көрүүлөрдү (клик) көбөйтүүнү гана көздөйт.
 
Мындан тышкары, Трамп бул согушта ал Украина тарапта да, Орусия тарапта да эмес экенин айтты.
 
«Мен болгону кан төгүүнү токтоткум келет», — деди ал.
 
АКШ президенти эгерде Орусия менен Украина 50 күндүн ичинде келишимге келе албаса, бул өтө жаман болорун кошумчалады. Ал 50 күндөн кийин Орусияга каршы бажы төлөмдөрүн жана санкцияларды киргизүүгө даяр экенин, бирок бул ирет кандай санкциялар болору так айткан жок. Ал 50 күндү келишимге келүү үчүн «өтө узак убакыт эмес» деп эсептейт.
 
«Менимче, 50 күн — бул анчейин узак эмес. Эгер 50 күндүн ичинде макулдашууга келе албасак, бул өтө жаман болот. Биз бажы төлөмдөрүн жана башка санкцияларды колдонууда улантабыз», — деди ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз