"Мейкин-Азия": 25 өлкөнүн ырчылары эл аралык фестивалга катышат

 

Үстүбүздөгү жылдын 20-22-июлунда «Мейкин Азия» IV эл аралык музыка фестивалы Ысык-Көлдөгү “Этномаданиятты, ат-спорт индустриясын жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борборунун” аймагында өтөт. Бул тууралуу Маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев “Кабар” агенттигинде өткөн жыйында билдирди, деп жазат "Эркин-Тоо" гезити.
 
Маалыматка ылайык, фестивалга 25тен ашык мамлекеттен келген аткаруучулар катышат. Алар:
 
- Полина Тасева – Македония
- Анджела Шутич – Сербия
- Эсма Нуманович — Босния жана Герцеговина
- Габриэла Брайчич – Хорватия
- Майя Маринчич – Словения
- Невена Пейкова – Болгария
- Ариана Доготар – Молдавия
- Виталь Карабальо – Аргентина
- Дауд Шалхуб – Испания
- Фредерик Д`Анджело – Франция
- Маммадли Санан Камран оглу – Азербайжан
- Франклин Каллея – Мальта
- Мария-Диана Стынчуляша – Румыния
- Дроб Виталий – Беларусь
- Виктория Рубин – Польша
- Христос Телевандос — Греция
- Кира Гоголадзе — Россия
- Алмас Хусаинов – Татарстан
- Альфия Нигматуллина — Башкортостан
- Aварзед Наранбаатар – Монголия
- Аса Едже — Түркия
- Бекжан Кайратулы – Казакстан
- Тулкин Таджиев — Өзбекстан
- Кирилл Матвеев — Якутия
- Сафарзода Афзалшолх – Тажикстан.
Ошондой эле фестивалга чейин Кыргызстанда 12-июль күнү УТРКнын түз эфиринде ачык улуттук тандоо уюштурулган. Бул тандоого 19 аткаруучу катышып, алардын ичинен үчөө финалга жолдомо алган. Бир аткаруучу көрүүчүлөрдүн онлайн добуш берүүсүнүн негизинде тандалып алынган.
 
Уюштуруучулардын айтымында, аткаруучулардын этно жана заманбап стилдеги музыкалык чыгармаларды айкалыштырган өзгөчө чыгармаларды эл алдына тартуулары күтүлүүдө.
 
Калыстар тобунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын эл артисти Ырыскелди Осмонкулов белгилегендей, “Мейкин Азия” сынагы жаш таланттардын өзүн көрсөтүп, эл аралык деңгээлде таанылуусуна жол ачат.
 
“Фестиваль чыгармачылыгын жаңыдан баштаган жаштар үчүн мыкты мүмкүнчүлүк. Бул сынак аркылуу алардын таланты элге таанылып, келечекте кесиптик жактан өнүгүп өсүшүнө шарт түзүлөт”, — деди Ырыскелди Осмонкулов.
 
Маданий иш-чаранын ардактуу коноктору катары белгилүү казакстандык ырчы Димаш Кудайберген, ошондой эле таанымал аткаруучулар Sevak жана Ay-Yola тобу чакырылган. Ал эми калыстар тобунун төрагасы Түндүк Македониядан келген Марьян Катароски болсо, калыстар тобунун курамына төмөнкү маданият өкүлдөрү кирет:
 
Ырыскелди Осмонкулов — Кыргызстан;
Мая Татич — Босния жана Герцеговина;
Эрзинжан Гурдал — Түркия;
Айтжан Нурмагамбетова — Казакстан;
Наталья Баннова — Россия;
Аваз Мансуров — Өзбекстан.
Онлайн добуш берүү ыкмасы негизги фестивалда да колдонулат. Көрүүчүлөр атайын экрандарда көрсөтүлгөн QR-код аркылуу сүйүктүү катышуучусуна добуш бере алышат. Көрөрмандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон аткаруучуга сыйлык тапшырылат. Аны менен катар биринчи, экинчи, үчүнчү орундун жана Гран-принин ээлери аныкталат.
 
Фестивалды дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу аракеттери да жүрүп жатат. Уюштуруучулар “Мейкин Азияны” дүйнөлүк фестивалдар ассоциациясына кошуу боюнча расмий арыз жөнөтүшкөнүн кабарлашты. Бул кадам фестивалдын статусун көтөрүп, Кыргызстан менен башка мамлекеттердин ортосундагы маданий кызматташтыкты арттырууга багытталган.
 
Иш-чараны Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү 70тен ашык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чагылдырат. Алардын арасында «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин кабарчылары да болуп, жеринен жаңылыктарды жарыялап турат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз