«Бизди миграцияга түртүп жатасыздар»: Оштогу «Келечек» базарынын соодагерлери кайрадан бийлик башчыларына кайрылышты
«Канчалаган үй-бүлөлөр бул базарда тиричилик кылып жатышат. Базар көчсө көп соодагер мигрантка айланат. Анткени, ар биринин насыясы бар». Бул тууралуу бүгүн, 17-июль күнү Ош шаарындагы Ата-Түрк паркында «Келечек» базарынын соодагерлери билдирдишти, деп жазат "Турмуш" басылмасы.
Алардын айтымында, Ош мэриясы соодагерлерди улам-улам эле көчүүгө мажбурлап жатышат. Жаңы курулуп жаткан базар сапатка жооп бербейт.
Тынчтыкбек Койбагаров «Келечекте» иштеген соодагерлер өлкө башчыларынын саясатын колдорун, бирок, жергиликтүү бийлик тарабынан жеке ишкерлерге карата адилетсиз мамиле жасалып жатканын айтты.
«Ушунча эле, мына ушул жерге бекер калып келип калган жерибиз жок. Булар өздөрүнүн көйгөйлөрүн айткан келип жатышат. Көп жактарга кайрылдык, жыйынтык болгон жок. Улам эле «көчөсүңөр» деген сөз болуп жатат. Ошондон улам түнкүсүн уктай албай жатабыз. Мисалы, мен уктай албай чыктым.
Ош шаарында эки базар болсо эч нерсе болбойт. Бул жакта биздин базар, ал жакта башка базар. Жөн жаткан соодагерлерди козгоп, мынтип маселел жаратып жатышат. Биздин базар жакшы түзүлгөн. Автоунаа токтоочу жайы бар. Шарттары жакшы. Эми жаңы базарга көчө турган болсок, бизге бекер бериле турган эч нерсе жок. Баланча сомго сатылат деп жатышат. Москва да бир күндө курулган эмес. Ошол сыяктуу Ош шаары да акырындык менен курулаар. Ага карабай жакшы базарды көчүрүп, элди удургута бергендин эмне пайдасы бар. Ошондуктан, жогорку бийлик өкүлдөрүнөн суранабаыз, биздин маселебизге көңүл буруп коюңуздар»,- деди ал.
Дагы бир соодагер Алберт Рахманжанов буларга токтолду.
«Урматтуу Садыр Нуркожоевич, сизге Конституциянын гарантысыз, андыктан, «Келечек» базарынын соодагерлеринин атынан кайрылгым келип турат. Ош мэриясынын кызматкерлери тарабынан биздин Конституциялык укуктарыбыз бузулуп жатат. Конституциянын 15-беренесинде «Жеке менчик кол кийгис» деп турат. Бирок, азыркы учурда Ош мэриясынан 15-июлда бизге кат келди, анда «базар көчүрүлөт, эгер соодагерлер ал көчпөсө электр жарыгы, суу өчүрүлүп, жолдор бөгөлөт» деп жазылган. Ал катка биринчи вице-мэр Адилет Шаршенович кол койгон.
Ошону менен катар эле бир катар беренлер бузулуп жатат. Маселен, «Жеке ишкерлердин укугун коргоо», «Кичи ишкерлерди коргоо» мыйзамдары бузулуп жатат. Анда так көрсөтүлгөн, «Муниципалиет жеке ишкерликти коргоого кызыкдар болуш керек» деп турат. А булар каршы болуп жатышат. Бизди башка базарга жылдырууну каалап жатышат. А жаңы базардан орундарды сатып алууга үндөп жатышат. Анда соода орундары 15 миң доллардан деп турат. Бул баалар кайдан алынганын биз билбейбиз. Анткени, карасаңыздар, жаңы базардын курулушка туура келбеген материалдардан курулган. Өрт коопсуздугуна, экологиялык талаптарга жооп бербейт. Эртең ал жерде өрт болбойт деп эч ким кепил боло албайт да»,- деди ал.
Соодагерлер өлкө жетекчилигине кайрылып, атайын комиссия түзүлүп, «Келечек» базары боюнча маселе тыкыр текшерилиши керектигин, базар бардык талаптарга жоо берерин кошумчалашты.
Ошондой эле, алар Жалал-Абадга окшогон шаарларда курулуп жактан базарлар бардык талаптарга ылайык курулуп жатканын, анда эски базардын соодагерлерине көчүү үчүн 2 жылдан ашык убакыт берилген айтышып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди аталган маселеге көңүл буруп коюшун суранышты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.