Кыргызстандын Олимпиадалык курамы дарбазачынын орой катасынын натыйжасында жеңилип калды
Кыргызстандын Олимпиадалык (U-23) курама командасы Бишкекте өтүп жаткан эл аралык «Төрт улуттун турнирин» жеңилүү менен баштады.
Биринчи турдагы оюн 17-июлда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, кыргызстандыктар Сириянын тең курагындагы командасы менен беттешти.
Оюндун 27-мүнөтүндө Кыргызстандын дарбазачысы Султан Чомоев жөнөкөй эле кырдаалда жаңылып, топту атаандашка берип жиберди. Натыйжада, сириялыктар эсепти 1:0 кылып ачышты.
Экинчи таймда Кыргызстандын курама командасы пенальти тебүү укугуна ээ болду. Арсен Шаршенбеков менен Кими Мерк бул 11 метрликти ким аткарары тууралуу бир топко чейин чечим чыгара албай турушту. Акыры топту Шаршенбеков алып, эсепти теңеди — 1:1. Бирок, сириялыктар эсепти эки эселентип, оюнду өз тарабынан алышты. Натыйжада Кыргызстандын Олимпиадалык курамы 2:1 эсебинде утулуп калды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.