Кара-Суу районунун башкы салыкчылары кармалды
Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, УКМК Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматындагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан системалуу түрдө пара алуу фактысын аныктады.
«Тактап айтканда, Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын башчысы А.А. жана Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Кара-Суу району боюнча текшерүү бөлүмүнүн башчысы М.М.С. өздөрүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, кыска мөөнөттүн ичинде жеке ишкердик субъектилерине колдоо көрсөтүү үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүп, ошондой эле кирешелерди азайтуу жана чыгашаларды көбөйтүү максатында бухгалтердик документтерди бурмалоого көмөктөшүшкөн. Көрсөтүлгөн укукка каршы аракеттер менен мамлекеттин кызыкчылыктарына өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген»,- деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда коррупциялык схеманын башка катышуучуларына карата мындан ары кармоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тиешелүү тергөө-оперативдүү иш-чаралар улантылууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.