Министрлер кабинети 5 абакты жоюууну каалайт
Министрлер кабинети ЖАМКтын 5 түзөтүү мекемесин жоюу чечимин кабыл алды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Токтомго ылайык төмөнкү түзөтүү жайлары жабылат:
№3 түзөтүү мекемеси (катуу режим) — Чүй облусунун Новопокровка айылы;
№32 түзөтүү мекемеси (колония-поселение) — Бишкек шаары;
№38 түзөтүү мекемеси — Чүй облусунун Кемин шаары;
№39 түзөтүү мекемеси — Талас облусунун Өзгөрүш айылы;
№51 түзөтүү мекемеси — Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаары.
Бул мекемелерди жоюу үчүн атайын комиссия түзүлдү. Ал комиссия карыздарды жөнгө салуу, мүлктү инвентаризациялоо жана жоюу баланстарын даярдоо иштерин аткарат.
Жаза аткаруу кызматына кызматкерлерди бошотуу, соттолгондорду башка мекемелерге которуу жана материалдык ресурстарды бөлүштүрүү маселелерин чечүү тапшырылды. Ошондой эле жоюлуп жаткан мекемелердин биринин аймагында жайгашкан кесиптик лицей да башка жакка көчүрүлөт.
Токтом 25-июлда күчүнө кирет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.