Ысык-Көлдө IV “Мейин Азия” Эл аралык музыкалык фестивалы башталды
Бүгүн, 20-июль күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Эл аралык “Мейкин Азия” популярдуу музыка аткаруучуларынын IV фестивалы башталды. Ага жакынкы Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусиядан сырткары, Түркия, Польша сыяктуу Европа мамлекеттеринен жана андан ары Аргентинадан болуп, жалпы 25 мамлекеттен жаш ырчылар чакырылган. Ал эми Кыргызстандан үч ырчы катышууда.
Бул жолку фестивалдын өзгөчөлүгү биринчи жолу жеңүүчүлөр онлайн режиминде тандалат.
Төртүнчү жолу өткөрүлүп жаткан бул иш-чара 22-июлга чейин уланат. Акыркы күнү казакстандык эстрада жылдызы Димаш Кудайберген баштаган ырчылардын чоң программадагы концерти орун алат. Ага конок катары орусиялык AY YOLA тобу жана Армениядан Севак конок катары чакырылышкан.
Кыргызстан бул “Мейкин Азия” эл аралык музыкалык фестивалын ар эки жыл сайын өткөрүп турат. Анын максаты – музыка дүнөсүндө жаңы ысымдарды пайда кылып, эл аралык жана дүйнөлүк аренага чыгаруу болуп саналат. Алгач 2013-жылы өткөрүлгөн. Анда Гран-прин Димаш Кудайберген жеңип алган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.