Иманкулов: “Мейкин Азия” фестивалы өз чегинен эбак эле чыгып кеткен
Ысык-Көлдө өтүп жаткан IV “Мейкин Азия” эл аралык фестивалында сөз сүйлөгөн КР Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов аталган иш-чара эбак эле кадимки музыкалык чегинен чыгып кеткенин билдирди.
Анын айтымында, фестиваль маданияттардын көп түрдүүлүгүнүн жана биримдигинин символу болуп, эл аралык аренада татыктуу ордун тапты.
"Аталган фестиваль Азия менен Европанын таланттуу ырчыларын бириктирген маанилүү маданий иш-чарага айланды. Музыка – чек билбеген тил. Ал элдерди жакындатат, жаратмандыкка шыктандырат жана эң оор мезгилде элдердин достугун бекемдейт. Кыргызстандын жүрөгү болгон Ысык-Көл – бүгүн бүтүндөй Азия үчүн руханий борборго айланып турат. Биз маданиятты, өнөрдү жана өнөктөштүктү жогору коюп келебиз. "Мейкин Азия" фестивалы да ушул асыл максаттарды ишке ашырып, жаңы таланттарга жол ачып келет», - деди ал.
Бүгүн, 20-июлда башталган иш-чара 22-июлга чейин уланат. Акыркы күнү казакстандык эстрада жылдызы Димаш Кудайберген баштаган ырчылардын чоң программадагы концерти орун алат. Ага конок катары орусиялык AY YOLA тобу жана Армениядан Севак конок катары чакырылышкан.
Кыргызстан бул фестивалды ар эки жыл сайын өткөрүп турат. Анын максаты – музыка дүнөсүндө жаңы ысымдарды пайда кылып, эл аралык жана дүйнөлүк аренага чыгаруу болуп саналат. Алгач 2013-жылы өткөрүлгөн. Анда Гран-прин Димаш Кудайберген жеңип алган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.