Рыспай Сатыбалдыев: "Биз чоңойгон эски там"

Иллюстрациялык сүрөт. Автор: ЖИ

Рыспай Сатыбалдыев агабыз жаштайынан ыр жазууга шыктуу. Ал азыркы учурда 70тен ашып 80ди өрдөп баратат. Айылдык поэзия сүйүүчүсү жүрөгүндөгү адам турмушунун кериптүү ой-толгоолорун пенде кабылдоосуна жан шерик кылып жазууга дил үрөйт. Элеттик аксакалдын жазган ырлары такай болбосо да райондук, облустук басылмаларда жарыяланып келет. Ушундан улам поэзия ышкыбозунун соңку жазылган ырларын окурмандарга сунуш кылууну эп көрдүк.

БИЗ ЧОҢОЙГОН ЭСКИ ТАМ 
 
Көз чаптырсам мен туш тарапка, 
Зээним кейип муңга батам заматта. 
Жерге чөгүп мурдагыдай көркүң жок, 
Бурч-бурчуңдан кетип жатат жарака. 
 
Туз сепкенсип тырмап эски жаратка, 
Тыз-тыз этип сыздайт жүрөк заматта. 
Жылуу элең, жарык элек, кең элең, 
Биз чоңойгон ошол кезиң каякта. 
 
Эл чогулуп жоро бозо ичишип, 
Азил айтып бири-бирине тийишип. 
Ушул үйдө кимдер кана болбоду, 
Кумар ойноп уттурганга күлүшүп. 
 
Кээ бүрөөнүн бөлөк эле салмагы, 
Сөзүн бөлбөй угар эле калганы. 
Түрткүлөшүп түш ооганда кетишчү, 
Чала кызуу баары тегиз жайдары. 
 
Каруу кайтып өбөктөгөн чал болуп, 
Калдың беле кароосу жок чал болуп. 
Эскирипсиң мөгдүрөпсүң кантейин, 
Ээсин күткөн ээнсиреген там болуп. 
 
Өткөн тура сенин дооруң убагың, 
Баарын эстеп мен кайышып турамын. 
Тагдыр ушул картайыпсың кантейин, 
Мезгил жетсин, эми сенин убалың. 
 
Абалың оор так азыркы учурда, 
Айла таппай аяп кетем ушунча. 
Куттуу үйүм кыялбаймын чын айтам, 
Колум барбайт сени бузуп коюуга.
 
ТААРЫНЫЧ 
 
Алда неден чочулап сактанамын, 
Ойлоп көрсөм оору эмес таптазамын. 
Мен өзүмдү жоготуп койгон окшойм, 
Баштагыдан негедир башкачамын. 
 
Эмнени эстейт көңүлүм кусаланып, 
Сезим бошоп баратат жукаргансып. 
Башкара албай өзүмдү баратамын, 
Болоор болбос нерсеге капаланып. 
 
Жадап бүттүм ар кыял келе берип, 
Жанчылууда жан дүйнөм тебеленип. 
Жаман экен кызыксыз азап чегүү, 
Жабыркадым туюка жетеленип. 
 
Бүлүк түшүп ичимден камыгамын, 
Бүт оюмдан адашып жаңыламын. 
Бүркөө күндөй буулугуп ачыла албай, 
Билсең боло мен кимге таарынамын.
 
ЖАЙЛООДО
 
Ар колоттон, ар булактан куралып, 
Тиш какшаткан мөлтүр кашка суу агып. 
Кана жутуп, жүз чайсаң тим эле, 
Көңүл сергип кубанасын тим эле. 
 
Ой карагат асем жайлоом аманбы, 
Тааныдыңбы тээ илгерки балаңды. 
Кетким келбей кечке жүрсөм кадамдап, 
Балалыктан калган изим табамбы. 
 
Билбептирбиз ал убакта жаш элек, 
Жадап кетип жакага көп каччу элек. 
Мен улгайдым сен турасын жаш бойдон, 
Жигит кезим өскөн жайлоом Актерек. 
 
Чокусунан булут кетпей таптакыр, 
Жамгыр менен жердин бети жапжашыл. 
Эки кесе кымыз ичсем ныксырап, 
Чөбү гөдөө көркөм жайлоо Сарыбашыл. 
 
Белге чыгып көз чаптырсаң бир сыйра, 
Көңүлүңө эргүү келет бир кыйла. 
Сандаган мал кучагына толбогон, 
Баш аягы кенен жайлоо Түз-Жылга. 
 
Алма, Ордо-Атчуу бири-бирине жанашып, 
Чыргайына кирген малың адашып. 
Ак ооз тий деп колун булгап чакырчу, 
Эчким чыкпай ээн сүрөөдө Саячык. 
 
Айта берсем бул да өзүнчө бир арман, 
Кепе салып баары азыр ээн калган. 
Ар жылгага айдап малын бош коюп, 
Жан таппайсын желе байлап бээ сааган.
 
АМАНДЫКТА ЖҮРӨЛҮ 
Бири токтоо, бири шашма жаралган, 
Ар кыялдуу болот тура ар адам. 
Экөөбүздө эки башка мүнөз бар, 
Маани берип салыштырып карасам. 
 
Жаан алдында шамалга окшоп ойт берген, 
Ойлорумду топтой албай баратам. 
Күйпөлөктөп бүтөөр ишти бүлүнтпөй, 
Жакшы болоор жагдайына карасам.
 
 Коошуп турса оюң ишиң ширелип, 
Жолуң арбыйт үмүттөргө ишенип. 
Коомайланып коркок билиш болбостон, 
Акылыңа баш ий дайым ишенип. 
 
Келечекте бардык асыл максатка, 
Жашоо жакшы жараткандан тиленип. 
Алыстабай бирибизден бирибиз, 
Арзуу айтып амандыкта жүрөлүк.
 
СЕН БАР ҮЧҮН
 
Сен бар үчүн ыр издетпей табылат, 
Аздектелип ак барака жазылат. 
Сен бар үчүн булут тарап көктөгү, 
Добуул болбой күн да дароо ачылат. 
 
Чынжырланып ой санаага бир алдын, 
Чүнчүп кеттим билмек беле ким аны. 
Сен бар үчүн көңүлүмдү сергитип, 
Сокконсуду мелүүн жумшак жел аргы. 
 
Түңүлбөгөм ишенчүмүн дайыма, 
Кулк мүнөзүм сага деле дайын да. 
Сен бар үчүн баары оңой чечилип, 
Турмуш нугу түштү кайра жайына.
 
ЖАКШЫ ЖАНСЫҢ БИЛЕМИН 
 
Жан дүйнөсүн оорутпаган бүрөөнүн, 
Жароокер жан экениңди билемин. 
Наристедей тунук жумшак пейлиңе, 
Салыштырам Анжияндын жибегин. 
 
Дайым таза сага каалоо тилегим, 
Жалган айтпайм аны өзүм билемин. 
Кабак чытпай күлкү турган жүзүңдөн, 
Мээримдүү жан экениңе күбөмүн. 
 
Салакада токтоо жумшак мүнөзүң, 
Тызылдатты канчалардын жүрөгүн. 
Жагынам деп айтып жаткан жерим жок, 
Татыктуусун баардыгына бир өзүң. 
 
Эске салып жаштыгымдын бир күнүн, 
Сага арнадым ой тоолгомдун бүркүмүн. 
Арабызда жакшы адамдар аз эмес, 
Бирок сенин башкачаарак сүйкүмүң. 
 
Рыспай Сатыбалдыев, Кара-Кулжа району, Рыспай Абдыкадыров атындагы айыл аймагы, Кулоожун айылы.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз