Оштогу Ломоносов мектебинин окуучулары Калинин мектебине көчүрүлөт
Оштогу Ломоносоватындагы мектеп.
Бүгүн, 30-июль күнү 2025-жылдын январь-июнь айларындагы Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары - коллегиялык жыйын өттү, деп жазат "Турмуш" басылмасы.
Жыйынга Ош шаарынын мэри Ж. Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Б. Баетов, вице-мэрлер, Ош ШИИБдин башчысы, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда.
Калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев Оштогу №3 М. Ломоносов атындагы мектептин эскилиги жеткенин айтты.
"Ломоносов мектеби абдан жакшы мектеп. Бирок, барып көрсөк, имараты абдан эскилиги жеткен, авариялык абалда. Ошондуктан, бул мектепти Мамыров көчөсүндөгү Калинин мектебине Ломоносов мектебин көчүрөбүз. Ал мектептин имараттары көп экен. 1200дөй окуучусу бар экен. Ломоносовдо 3,5 миңдей бала окуйт.
Калинин мектеби Панфилов мектебине көчөт, мындайча айтканда оптимизация кылдык. Бул эки мектеп аймагы жагынан бири-бирине жакын",- деди мэр.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.