Автоунаалардын алдыңкы терезелерин караңгылатуу үчүн уруксат кагазын арзандатуу сунушталууда
Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик автоунаалардын алдыңкы терезелерин караңгылатуу үчүн уруксат кагазын берүүнүн баасын төмөндөтүүнү сунуштап жатат. Бул боюнча токтом долбоору коомдук талкууга коюлду, деп жазат "АКИпресс".
Документте уруксат каттоосу жайылтылуучу транспорт каражаттарынын категорияларын кеңейтүү да сунушталууда. Атап айтканда, M1G категориясы кошулат — бул сегиз жүргүнчү орундуу унаалар (мисалы, жолтандабастар).
Тонер уруксаты үчүн төмөнкү тарифтерди белгилөө сунушталууда:
Жеке жактар үчүн — 300 эсептик көрсөткүч (азыркы 500дүн ордуна), бул 30 миң сомду түзөт;
Юридикалык жактар үчүн — 500 эсептик көрсөткүч (азыркы 700дүн ордуна), бул 50 миң сом;
Резидент эместер үчүн — 700 эсептик көрсөткүч (азыркы 900дүн ордуна), бул 70 миң сом.
Бул сунуштар калк үчүн кызматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана унаалардын тонерлөөсүн мыйзамдаштыруунун көлөмүн кеңейтүүгө багытталган. Токтом кабыл алынганга чейин жарандар өз сунуш-пикирлерин калтыра алышат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.