Жоламан Шаршенбеков Польшада өткөн эл аралык мелдеште жеңүүчү болду

Жоламан Шаршенбеков Польшанын грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирин жеңүүчү болду.

Ал 31-июлда 63 кг салмактагы балбандар арасында күч сынашты.
 
Кыргызстандык спортчу алгач үч жолку Африка чемпионун жеңип, андан соң польшалык балбанды утуп, финалга чыккан.
 
Чечүүчү беттеште Шаршенбеков Казакстандын балбанын 2 мүнөттөн аз убакытта жеңип, турнирдин жеңүүчүсү аталды.
 
60 кг салмактагы категорияда Акыл Сулайманов финалда Украина спортчусун 10:0 эсебинде утуп, алтын медалга ээ болду.
 
Буга чейин 55 кг салмакта Акыйкат Кулжигит уулу 1-орунду ээлеген.
 
67 кг салмакта Раззак Бейшекеев финалда Грузиянын өкүлүнө утулуп, күмүш медалга ээ болду.
 
30-июлда өткөн турнирдин биринчи күнүндө Ырыскелди Хамзаев, Ырыскелди Максатбек уулу жана Асан Жанышов коло медалдардын ээси болушту.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз