Бишкекте алгачкы ирет инсультка чалдыккан бейтап толук түрдө айыкты

Улуттук госпиталда алгач ирет ишемиялык инсультка чалдыккан бейтапка тромболитикалык терапия жүргүзүлдү. Мекемеден билдиришкендей, аял киши ооруканага түшкөндөн кийинки эле алгачкы сааттарда сүйлөө жөндөмү менен кыймыл-аракетин калыбына келтире алды, деп жазат "Ден соолук АКИпресс".

1949-жылы туулган бейтап 27-июлда сол тарабы шал болуп, сүйлөө мүмкүнчүлүгү бузулган абалда түшкөн. 40 мүнөт ичинде бейтапка мээнин КТсы жана тийиштүү анализдер жасалган.
 
Диагноз тастыкталгандан кийин бейтапка альтеплаза дарысы менен тромболитикалык терапия жасалган. Жардам көрсөтүлгөндөн 5 мүнөт өтпөй эле анын сүйлөөсү жана кыймыл-аракеттери кайта баштаган. Үчүнчү күнү бейтап толук айыгып, үйүнө чыгарылган.
 
Неврология бөлүмүнүн №2 башчысы Нурлан Оморов бул Бишкектеги биринчи учур экенин белгиледи — бейтап бир нече саат ичинде толук айыгып кеткен.
 
Госпиталдан ыкчам жана туура чечим кабыл алган тез жардам кызматынын ишин да белгилешти. Алар бейтапты жеткирүүдө тромболизиске көрсөтмө бар экенин аныктап, тез арада ооруканага жеткиришкен.
 
Тромболизис деген эмне?
 
Бул — ишемиялык инсультту дарылоонун ыкмасы. Анда дары (тромбду эритүүчү препарат) тамыр аркылуу сайылып, мээдеги кан айланууну калыбына келтирет. Ал инсульттун белгилери пайда болгондон кийин 4,5 сааттын ичинде гана натыйжалуу болуп саналат жана атайын протокол боюнча жүргүзүлөт.
 
Эмне үчүн бул маанилүү?
 
Инсульт — Кыргызстанда өлүмдүн жана майыптыктын негизги себептеринин бири. Тромболизис оор кесепеттердин алдын алууга жардам берет жана өз убагында дарыланса, бейтап толук айыгып кетиши мүмкүн.
 
Инсультту кантип таанууга болот?
 
Белгилери:
 
Бет — кыйшайуу, ооздун бурчу ылдый тартылат
 
Кол — алсыроо, көтөрүү кыйын
 
Сүйлөө — түшүнүксүз же таптакыр сүйлөй албай калуу
 
Убакыт — дароо 103кө чалыңыз. Ар бир мүнөт маанилүү.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз