Араван районунун тарыхынын күбөсү болгон музей
Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтүндө тарыхый музей бар. Ал музей бүгүнкү күндө өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө. Мурда-кийин бул музей кароосуз абалга келгенин укканыбыз бар. Антсе да, райондун тарыхын сактап турган тарыхый жайдын орду коомчулукта опол тоодой эмеспи. Аны астейдил асыроо азыркы муундардыни милдети деп билебиз. Дегенибиздей биздин редакция аталган тарыхый музейге иш-сапар менен барып, мындагы бүгүнкү күндөгү алабынан кабар алып кайтканбыз.
Музейдин таржымалына токтолсок, тээ илгери СССР деген улуу мамлекеттин доорунда XXII партсөезд атындагы колхоздун борборунда мугалим Якубов тарыхый музей уюштурганын музейдин директору Зиядахан Артикова айтып өттү.
Зияда айым кесиби боюнча тарых мугалими, ОшМУнун тарых факультетин аяктаган. Мурда бала бакчада тарбиячы болуп иштеген Зиядахан айым 2024-жылдын 1-апрелинен бери музейди жетектеп келет. Өз ишин сүйгөн жетекчи катары музейдин өнүгүшүнө дилгирлик менен мамиле кылып жатканын байкоо кыйынга турбады. Анткени мындагы тазалык жана ирети менен коюлган тарыхый буюмдар буга далил десек жаңылышпайбыз.
Бул тарыхый жай 1990–1992-жылдары айыл өкмөтүнүн ошол кездеги башчысы Адылжан Мамажанов тарабынан кайрадан уюштурулган. Учурда музей алты бөлүмдөн турат жана ар бир бөлүм өз алдынча темага арналып жасалганын директор айым көрсөтүп өттү.
Биринчи бөлүмдө Улуу Октябрь Социалисттик Революциясына чейинки айыл турмушун чагылдырылганын көрүүгө болот. Бул жерде ошол мезгилдеги турмуш-тиричилик буюмдары, эски эскпонаттар, айыл жашоосунун образын ачып берген куурчактар жана макеттер жайгаштырылган. Экинчи бөлүмдө болсо, айылда Совет бийлигинин орношуна арналган. Бул бөлүмдө алгачкы активисттердин сүрөттөрү, жеке буюмдары көрүүчүлөрдү тосуп алат. Ал эми үчүнчү бөлүмдө Улуу Ата Мекендик согуш учуру чагылдырылган. Бул жерде ошол доордогу курал-жарак, аскердик кийимдер, документтер коюлган. Төртүнчү бөлүмдө болсо, согуштан кийинки районду калыбына келтирүү жана колхоздук системанын түзүлүшү сүрөттөлүү менен эмгекчил элдин эмгек каармандыгы терең чагылдырылган.
Бешинчи бөлүмгө токтолсок, социалисттик түзүлүш мезгилиндеги эмгек баатырларынын портреттери, жетишкендиктери менен таанышууга болот. Алтынчы бөлүм болсо, эгемендүүлүк жылдарындагы өзгөрүүлөр, жаңы муунду тарбиялоодогу аракеттер жөнүндө баяндайт.
Музейде жалпы 739 даана экспонат бар. Анын ичинде 55 даана жыйын протоколу, 37 кагаз акча, 87 сүрөт, 57 документ, 22 орден-медаль, 32 керамикалык идиш, 24 темир идиш, 10 мис идиш, 14 жыгач буюмдар сакталган.
Белгилей кетсек, учурдагы С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Самат Дүмүров музейге өзгөчө көңүл буруп, оңдоп-түзөө иштерине колдоо көрсөткөн. Учурда музейдин ишмердүүлүгүн арттыруу максатында атайын план түзүлүп, аны ишке ашыруу багытында аракеттер башталган.
«С.Юсупова айыл өкмөтүндөгү бул музей бир эле тарыхый фактыларды сактаган жай эмес, бул жер тургундарынын, ата-бабалардын башынан өткөргөн турмушунун күзгүсү. Бул музейге келген ар бир адам өзүнүн тамырына кайтып, элдин, жердин, ата-бабалардын өткөнүн баалап, сыймыктанууга себеп табат. Буюрса, алдыңкы пландарымда музейге дагы да колдоо көрсөтүү, анын шарттарын жакшыртуу иш-планымда бар»-дейт Самат Дүмүров.
Бул музей — Араван районунун 90 жылдык тарыхын гана эмес, бир бүтүн элдин турмушу менен тагдырын, маданиятын жана мурастарын сактап турган асыл кенч. Тарыхты баалаган, мурастууларга мээрим төккөн жергиликтүү жетекчиликке «Ээ балли!» демекчибиз.
Эскерүү — элдин өзөгүн түзөт. Тарых — түпкүрдү унутпоо. Бул музей дал ошол баалуулуктун көзөмөлчүсү катары өмүр сүрүп келет.
Н.ӨМҮРЗАКОВА.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.