Трамп Индияны соода төлөмдөрүн "бир топ" жогорулатуу боюнча коркутту. Индия батыш өлкөлөрүн эки жүздүүлүгү үчүн айыптады
АКШ президенти Дональд Трамп Индия Орусиянын мунайын кайра сатып, пайда көрүп жатканын белгилеп, өлкөгө карата соода төлөмдөрүн «бир топ» жогорулата турганын билдирди. Ал тарифтердин канчага көтөрүлөрүн жана качан күчүнө кирерин тактаган жок6 деп жазат "CentralAsia".
«Индия Орусиядан чоң көлөмдөгү мунай сатып алып эле тим болбостон, ошол мунайдын олуттуу бөлүгүн ачык базарда кайра сатып, чоң киреше табууда. Алар үчүн Орусиянын аскердик машинасынын айынан Украинада канча адам каза болуп жатканы маанилүү эмес», — деп жазды Трамп Truth Social тармагында.
Индия Украинадагы согуш башталгандан кийин Орусиянын мунайын импорттоого байланыштуу АКШ менен Евробиримдиктин дооматтарын негизсиз жана акылга сыйбаган деп атады. Бул тууралуу Индиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Рандхир Жайсвал билдирүү таратты.
«Согуш башталгандан кийин салттуу мунай жеткирүү жолдору Европага багытталганы үчүн Индия Орусиядан мунай импорттой баштаган», — деп түшүндүрүштү министрликтен. Андан тышкары, Жайсвал ал кезде АКШ мындай кадамды дүйнөлүк энергетикалык рыноктогу туруктуулукту сактоо үчүн колдогонун белгиледи. Орусиянын мунайын импорттоо Индия үчүн «зарылчылык» деп бааланды.
Министрлик Батыш өлкөлөрүн эки жүздүүлүккө айыптады. Индиянын билдирүүсүндө айтылгандай, АКШ Орусиядан дале болсо жер семирткичтерди, химикаттарды, электромобилдерге керектелүүчү палладийди жана атомдук өнөр жай үчүн гексафторид уранын сатып алууда.
Европа болсо Орусиядан химикаттарды, темир жана болотту, машиналарды жана транспорттук жабдууларды, ошондой эле энергия ресурстарын импорттоону улантууда. Индия тараптын билдирүүсүндө белгиленгендей, 2024-жылы Европа Орусиядан рекорддук 16,5 миллион тонна суюлтулган жаратылыш газын (СПГ) сатып алган. Ошол эле жылы Евробиримдик менен Орусиянын ортосундагы товар жүгүртүүсү €67,5 миллиардды түзгөн. «Бул көрсөткүч Индия менен Орусиянын ортосундагы сооданын жалпы көлөмүнөн кыйла жогору», — деп айтылат пресс-релизде.
Акыркы жумаларда АКШ президенти Дональд Трамп Индияны Орусиядан мунай сатып алганы үчүн бир нече жолу санкция менен коркуткан. 1-августта ал Индиядан импорттолгон товарларга 25 пайыздык бажы төлөмдөрүн киргизди. Индия өкмөтү буга карабастан, Орусиядан мунай сатып алууну уланта берерин билдирди.
АКШ Ак үйүнүн маалыматына ылайык, Трамп Индия Орусиядан мунай сатып алуу менен Орусиянын Украинага карата толук масштабдуу басып кирүүсүн каржылап жатат деп эсептейт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.