«Крокус сити холл» концерт залында болгон теракттын 4 аткаруучусу өз күнөөсүн мойнуна алышты

Сүрөт: "ТАСС".

2025-жылдын 4-августунда «Крокус сити холл» концерт залында болгон теракттын төрт аткаруучусу өз күнөөсүн мойнуна алышты. Бул тууралуу ТАСС агенттиги адвокатка шилтеме берүү менен билдирди, деп жазат "CentralAsia".
 
Сот отуруму Москва шаардык сотунун бир имаратында өтүп жатат. Жараянга 30дан ашык жабырлануучу катышууда. Сот отуруму ачык өтүүдө, бирок, негизги бөлүгү ЖМКлардын жана коомчулуктун катышуусуз өтүп жатат. Мунун себеби — иш материалдарында жашыруун маалыматтар, ошондой эле эл аралык издөөдө жүргөн фигуранттарды кармоого тоскоолдук жаратышы мүмкүн болгон маалыматтардын болушу.
 
ТАСС агенттиги кошумчалагандай, теракттан кийин жабыркагандардын дээрлик баары психологдорго кайрылышкан.
 
«Крокус сити холлдо» теракт 2024-жылдын 22-мартында болгон. Тергөөнүн маалыматына ылайык, куралчан жоочулар имаратка кирип келип, көрүүчүлөргө ок чыгарып, имаратка өрт коюшкан. Натыйжада 149 адам каза болуп, 180ден ашык киши жаракат алган. Бул чабуул үчүн жоопкерчиликти «ИГ» аттуу террордук уюм (Орусияда тыюу салынган) мойнуна алган. Кол салуудан көп өтпөй шектүүлөр кармалган, айрым күнөөлүүлөргө эл аралык издөө жарыяланган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз