Савай айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Мунарбек Сайпидинов Орусияда кармалды. Видео
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл аймагынын мурдагы башчысы Мунарбек Сайпидинов Орусиянын Новосибирск шаарында кармалганы тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазды, деп жазат "Сводка АКИпресс".
Анын айтымында, 6-август күнү болжол менен түнкү 02:20 чамасында үй-бүлөсү менен жашап жаткан үйүнө полиция кызматкерлери келишкен. Сайпидинов өзүнүн кармалышына Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар деп эсептейт. Ушуга байланыштуу ал УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, бул ишти калыс иликтөөгө көмөктөшүүнү суранган.
«Кто есть кто» порталынын маалыматына караганда, Мунарбек Акимжанович Сайпидинов — Райымбек Матраимовдун өкүл баласы.
Видео Мунарбек Сайпидиновдун Инстаграм баракчасынан алынды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.