Өлкө боюнча 178 айыл өкмөткө автоунаалар сатып алынат
Министрлер Кабинети айыл аймактардын айыл өкмөт башчылары үчүн 178 автоунаа сатып алуу боюнча лизинг келишимин түзүү чечимин кабыл алды, деп жазат "АКИпресс".
2025-жылдын 25-июлунда № 633-р саны менен кол коюлган бул чечим 2025-жылдын 17-июлунда президент тарабынан берилген №238 тапшырманы аткаруу максатында кабыл алынган.
Автоунааларды сатып алуу үчүн Турукташтыруу фондунан төмөнкүдөй каражаттар бөлүнгөн:
- 57 296 240 сом — автоунаалардын жалпы наркынын 20 пайызы катары баштапкы төлөмгө,
- 7 649 928 сом — бир жылдык камсыздандыруу жана жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу үчүн;
- 356 000 сом — мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн;
- Жалпы керектүү чыгымдар 65,3 миллион сомдон ашат.
Автоунаалар «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААК аркылуу жеткирилет. Аталган компанияга төмөнкү милдеттер жүктөлгөн:
- Chevrolet Tracker үлгүсүндөгү 154 даана жана Lada Niva Legend үлгүсүндөгү 24 даана автоунаа сатып алуу үчүн жетишпеген каражаттарды бөлүп берүү;
- лизинг келишими боюнча жылына 6%дык үстөк менен 5 жылга чейин мөөнөт коюу;
- автоунааларды камсыздандыруу жана мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү камсыз кылуу.
Айыл өкмөт башчылары лизинг келишимдерин түзүшү керек жана жыл сайын төлөмдөрдү жергиликтүү бюджеттерде карашы зарыл. Дотацияда турган айыл аймактар үчүн каржылоону кошо камсыз кылуу милдети Каржы министрлигине жүктөлгөн.
Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгына жүктөлдү.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.