Индия АКШнын тарифтик тоскоолдуктарына жооп кайтарат
Индия АКШнын тарифтик тоскоолдуктарына жооп кайтарат. Бул тууралуу Индиянын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты. Маалыматта айтылгандай, АКШ президенти Дональд Трамп Индия товарларына кошумча 25 пайыздык бажы төлөмдөрүн киргизгенине байланыштуу Нью-Дели тиешелүү чараларды көрөт, деп жазат "CentralAsia".
Министрлик АКШ президентинин чечимин «негизсиз» жана «акылга сыйбаган» деп атап, Индия өз саясатын улуттук кызыкчылыктарына таянып жүргүзө турганын билдирди.
«АКШнын Индияга карата кошумча тарифтерди киргизүү чечими өтө өкүнүчтүү. Бул кадам Индия гана эмес, башка бир катар мамлекеттер да өз улуттук кызыкчылыктары үчүн жасап жаткан аракеттерге байланыштуу болуп жатат», — деп айтылат Индия ТИМинин билдирүүсүндө.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп атайын жарлыкка кол коюп, ал Индия товарларына кошумча 25 пайыздык бажы төлөмдөрүн киргизүүнү караган. Документке ылайык, бул тарифтик чектөөлөр 21 күндөн кийин күчүнө кирет. АКШ тарап бул кадамдын себеби катары Индиянын азыркы учурда түз же кыйыр түрдө Орусиядан мунай импорттоп жатканын көрсөткөн.
Жарлыкта белгиленгендей, эгерде Орусия же башка тиешелүү чет мамлекеттер «абалды жөнгө салуу боюнча олуттуу кадамдарга» барса, анда бул чечимге өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
Дональд Трамп Нью-Делиге карата санкциялар мунайды сатып алуу гана эмес, аны үчүнчү өлкөлөргө кайра сатуу аракеттерине да байланыштуу болорун эскерткен. Ал эми Индия АКШнын Орусиядан мунай сатып алуу боюнча дооматтарын негизсиз деп атады.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.