Түркиядагы жер титирөө: 1 адам каза болуп, 26 адам жараат алды
Интернетке Түркияда болгон жер титирөөдөн кийинки көрүнүштөрдүн видеосу жарыяланды.
Магнитудасы 6,1 болгон жер титирөө жекшемби күнү, 10-августта, жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:53тө Түркиянын Балыкесир шаарында катталды.
AFAD агенттигинин маалыматында, саат 22:01ге карата жалпы 20 жер алдындагы силкинүү болгон — алардын 15и магнитудасы 0дон 3,0гө чейинки афтершоктор, ал эми бешөө магнитудасы 4,0дөн 5,0гө чейинки афтершоктор. Жер титирөө эң күчтүү Балыкесир, Измир, Маниса жана Стамбул провинцияларында сезилген.
Ички иштер министри Али Ерликаянын айтымында, жер титирөөнүн кесепетинен бир адам каза болуп, 29 адам жаракат алган. 16 имарат кыйраган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.