Зеленский менен Алиев телефон аркылуу сүйлөшүшүп, Орусиянын "максаттуу аба соккуларын" айыпташты

Украинанын президенти Владимир Зеленский Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Азербайжан президентинин кеңсесинин пресс-релизинде айтылгандай, алар Украинанын аймагындагы азербайжандык SOCAR компаниясынын мунай базасына Орусиянын «максаттуу аба соккуларын» айыпташты, деп жазат "CentralAsia".

Ошондой эле Украинанын аймагында жайгашкан Азербайжандын башка объектилерине жана Азербайжандан Украинага газ жеткирген газ кысуу станциясына болгон соккулар тууралуу да сөз болду.
 
Зеленский өз билдирүүсүндө бул сүйлөшүүдө Азербайжанга Орусиянын Украинанын энергетикалык объектилерине жасаган соккулары тууралуу маалымат бергенин айтты. Ал: «Украина муну Орусиянын бизге жана башка европалык өлкөлөргө энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылган энергия жолдорун тосууга багытталган атайын аракети деп эсептейт», — деп кошумчалады.
 
Мындан тышкары, Украинанын президенти Алиевди Баку менен Еревандын ортосунда жетишилген, анын айтымында, АКШнын президенти Дональд Трамптын жардамы менен болгон келишимдер менен куттуктады.
 
6-августтун түнүндө Орусия Одесса облусунда, Украина–Румыния чек арасына жакын жайгашкан украиналык газ кысуу станциясына сокку урду. Киевдин маалыматы боюнча, бул станция грек СКГ (суюлтулган газ) терминалдарын Украинанын газ сактоочу жайлары менен байланыштырган Трансбалкан газ куурунун маршрутуна кирет. Ал аркылуу АКШдан газ, ошондой эле сыноо тартибинде — Азербайжандан газ жеткирилген.
 
8-августтун түнүндө Орусия дрондор менен Одесса облусундагы Азербайжандын мамлекеттик SOCAR компаниясынын мунай базасына чабуул койду. Натыйжада өрт чыгып, дизель майын ташуучу түтүк линиясы жабыркады. SOCARдын Украина боюнча болжол менен 60 май куюучу жайы, ошондой эле бир нече мунай базалары бар.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз