Акжол Махмудовдун ордуна күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатка кайсыл балбан катышары белгилүү болду
Акжол Махмудовдун ордуна Хорватияда өтө турган грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курамында ким чыгаары белгилүү болду.
Турнир 13-21-сентябрь күндөрү Загреб шаарында өтөт.
Буга чейин Махмудов дүйнө чемпионатына барбай турганы маалым болгон. Ал бул жерде өзүнө жаңы болгон 82 кг чейинки салмак категориясында күч сынашмак.
Анын ордуна бул салмакта 23 жаштагы Бекзат Орункул уулу чыгып, Кыргызстандын намысын коргойт. Ал кадеттер арасында (2019), 20 жашка чейинкилер арасында (2022) жана 23 жашка чейинкилер арасында (2025) өткөн Азия чемпионаттарынын финалисти. Ошондой эле 2024-жылы чоңдор арасында жана 23 жашка чейинкилер арасында өткөн Азия чемпионаттарында коло медаль тагынган.
Чоңдор арасындагы бул дүйнө чемпионаты Орункул уулу үчүн дебюттук мелдеши болот.
Махмудов 77 кг чейинки салмак категориясындагы учурдагы дүйнө чемпиону. Бул салмакта Кыргызстандан учурдагы өлкө чемпиону Ырыскелди Максатбек уулу чыгып мелдешет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.