Атамбаев, Карамушкина, Ниязов, Жээнбековдун иши Бишкек шаардык сотунда каралууда
Бишкек шаардык сотунда 11-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев негизги фигурант болуп саналган бир нече кылмыш иши боюнча биринчи инстанциянын өкүмүнө каршы апелляциялык даттанууну кароо жүрүп жатат, деп жазат "Сводка АКИпресс".
Процесс соттун төрайымы Лейла Байдаева башчылыгында өтүүдө.
Мурун сот бул иштердин материалдарын бир өндүрүшкө бириктирген. Ал төмөнкү айыптоолорду камтыйт: ТНК «Дастан» ишканасын мыйзамсыз сатуу, жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу, Бишкек ТЭЦин модернизациялоо, ошондой эле 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон окуялар.
3-июнда Биринчи Май райондук соту өкүм чыгарган: Атамбаев 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, мүлкүн конфискациялоо жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу жазасына тартылган. Анын бир катар тарапташтары да түрмө жазасына кесилген.
Биринчи инстанциянын чечими менен толугураак бул жерден таанышсаңыз болот.
Мурдагы Президент Аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязовдун, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Равшан Жээнбеков менен Ирина Карамушкинанын кызыкчылыгын коргогон адвокат Аскар Алымкулов аларга карата эркинен ажыратуу менен байланышпаган башка бөгөт чарасын колдонуу жөнүндө оозеки өтүнүч келтирди.
Кеңешме бөлмөсүнөн кайтып чыккан соң, сот коллегиясы өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартып, үч адамды камакта калтыруу чечимин кабыл алды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.