Кытайда Хуан Пин аттуу жаран үйүн сатуудан баш тарткандан кийин айланасына автоунаа жолу курулду

Кытайдын Шанхай шаарынын түндүк-батыш жагындагы Цзиньси шаарында үй ээси бийликтин жерди сатып алуу сунушун кабыл албай койгондон кийин, анын жеке үйүнүн айланасына чоң автоунаа жол курулду. Бул тууралуу "CentralAsia" басылмасы  "Carscoops" басылмасына шилте берүү менен жазды.

Мындай курулуштарды Кытайда «мык үйлөр» деп аташат — бул инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бийлик сатып алууга аракет кылган, бирок ээлери макул болбой калган кыймылсыз мүлк. Бул учурда чоң ата Хуан Пинге бийлик болжол менен 1,6 млн юань (222 миң доллар чамасында) жана үч жаңы турак жай объектин сунуштаган, бирок ал андан да пайдалуураак келишим болот деп үмүттөнүп, макул болгон эмес.
 
Натыйжада бийлик курулушту баштап, азыр анын үйү түз эле автоунаа жолунун ортосунда жайгашкан. Жол бул кыска тилкеде эки тарапка бөлүнүп, үйдү эки жагынан айланып өтөт.
 
Маалыматка караганда, курулуштагы ызы-чуу ушунчалык күчтүү болгондуктан, 11 жаштагы небереси менен жашаган Пин күндүн көпчүлүк бөлүгүн шаар борборунда өткөрүп, үйүнө курулуш токтогон кечинде гана кайтып келет.
 
Үй ээси бийликтин сатып алуу сунушун кабыл албаганына эми өкүнүп жатат.
 
"Эгер убакытты артка кайтара алсам, алардын үйдү бьузуу шарттарына макул болмокмун, — деди ал Metro басылмасына. — Азыр өзүмдү чоң утушту уттургандай сезип жатам. Бир аз өкүнөм".
 
Азыр чоң ата үйүнө чоң жолдун алдынан өткөн түтүк аркылуу гана кире алат. Кургак аба ырайында үйгө жетүү мүмкүн, бирок жаан-чачын учурунда суу каптап кетиши мүмкүн деген кооптонуу бар.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз