Садыр Жапаров Жогорку Кенешке көп аял алууга болгон кылмыш ишин жоюу жөнүндө мыйзамды кайра кайтарды
Президент Садыр Жапаров көп аял алууга кылмыш жоопкерчилигин жокко чыгарган мыйзамга каршы чыгып, аны өзүнүн каршы пикирлери менен Жогорку Кеңешке кайра жөнөттү, деп жазат "АКИпресс".
Мыйзамдын демилгечилери парламент депутаттары Нурланбек Азыгалиев жана Медер Саккараев болуп, ал 2025-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Бул мыйзамдын негизги жобосу — эки аял алуу же көп аял алуу үчүн кылмыш жоопкерчилигин белгилеген Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесин күчүн жоготту деп табуу.
Каршы пикирлер Акыйкатчы институтунун, Башкы прокуратуранын, Диний иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин, Улуттук илимдер академиясынын, Юстиция министрлигинин жана Конституциялык сот аппаратынын корутундуларына таянуу менен даярдалган.
Эки аял алуу же көп аял алуу үчүн кылмыш жоопкерчилигин сактап калуу Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине (Аялдарга карата бардык түрдөгү дискриминацияны жоюу жөнүндө конвенция — Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1996-жылдын 25-январындагы № 320-1 токтому жана Эл өкүлдөр жыйынынын 1996-жылдын 6-мартындагы № 257-1 токтому менен кошулуу; Балдар укуктары жөнүндө конвенция — Жогорку Кеңештин 1994-жылдын 12-январындагы № 1402-XII токтому менен кошулуу) шайкеш келет, мамлекеттин жыныстык теңчилик жана мыйзам үстөмдүгү принциптерине берилгендигин көрсөтөт, аялдар менен балдарды укуктук жана социалдык теңсиздиктен коргойт, ошондой эле Конституцияда жана мыйзамдарда бекитилген үй-бүлө институтун чыңдоого өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси
176-берене. Эки аял алуу же көп аял алуу
Эки аял алуу же көп аял алуу, башкача айтканда, эркек кишинин эки же андан көп аял менен бирге жашап, жалпы чарба жүргүзүүсү —
100дөн 300 саатка чейин коомдук иштерге тартуу же 1 жылдан 3 жылга чейин оңдоо иштерине тартуу, же болбосо 500дөн (50 миң сом) 1000гө чейин (100 миң сом) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу менен жазаланат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.