Иранда 56 жаштагы аял 11 күйөөсүн уулантып өлтүргөнү үчүн өлүм жазасына тартылышы мүмкүн

Иранда 56 жаштагы Колсум Акбари аттуу аял 22 жыл ичинде 11 күйөөсүн уулантып өлтүргөнү үчүн өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу "CentralAsia" басылмасы "The Telegraph" басылмасына шилтеме берүү менен жазды.
 
Маалыматка ылайык, ал Мазендеран провинциясында жашап, байлык жана сеп алуу максатында карыя эркектерге турмушка чыгып, аларды биринин артынан бирин өлтүрүп келген. Тергөөнүн маалыматы боюнча, кылмыштар 2000-жылдан 2023-жылга чейин жасалган. Көпкө чейин бул өлүмдөр байкалбай калган, анткени маркумдардын каза болушу жаш курагына жана ооруларына байланышкан табигый себептерге жорулган.
 
Акбаринин ыкмасы жөнөкөй жана алдын ала пландалган болчу: ал тааныштары аркылуу жалгыз, камсыз болгон эркектерди таап, жогорку сеп менен үйлөнчү, андан соң күйөөлөрүн акырындык менен кан басым жана диабетке каршы дары-дармектерди, тынчтандыруучу каражаттарды жана техникалык спиртти кошуп уулантып турчу. Кылмыштары Сари, Нека, Махмудабад, Баболь жана Каемшехр сыяктуу бир нече шаарда болгондуктан, окуялардын ортосундагы байланышты аныктоо татаал болгон.
 
Аял 2023-жылы акыркы күйөөсү — 82 жаштагы Голамреза Бабаи каза болгондон кийин кармалган. Күдө күмөн жаралганы — маркумдун үй-бүлө досу мурда Акбари анын атасын уулантууга аракет кылганын эстегенден кийин болгон. Бабайинин туугандары полицияга кайрылып, Акбари кармалган. Ал суракта кылмыштарын мойнуна алган, бирок так санын айта алган эмес.
 
"Балким, 13 же 15 киши болгон чыгар. Так эстебейм", — деген ирандык аял.
 
Иш материалдарында 11 адамды атайылап өлтүрүү жана бирөөнү өлтүрүүгө аракет кылуу боюнча айыптар бар. Курмандыктардын мураскорлорун кошкондо 45тен ашык доогер айыпталуучуга өлүм жазасын талап кылууда. Адвокат психиатриялык экспертиза дайындоо аракетин көргөн, бирок жабыркагандардын жакындары муну четке кагып, «мындай кылдат пландаштырылган аракетти акыл-эстин бузулушу менен түшүндүрүүгө болбойт» деп билдиришкен.
 
Прокуратуранын маалыматы боюнча, маркумдардан алынган мүлктү Акбари кызынын атына каттатып келген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз