Нурсултан Шакир уулу жаңы түзүлгөн Муниципалдык инспекциянын жетекчиси болуп дайындалды
Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, Нурсултан Шакир уулу жаңы түзүлгөн Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын жетекчиси болуп дайындалды.
Маалыматка караганда, Н. Шакир уулу Ош шаардык мэриясынын Жарандарды тейлөө бюросунун жетекчиси кызматынан бошотулуп, жогорудагы кызматка 10 күн мурда дайындалган.
Быйыл февралда ал Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинатынын жетекчиси болуп дайындалып, бирок бир айга жетпей башка кызматка которулуп, Жарандарды тейлөө бюросун жетектеген (мурун да бул кызматта иштеген).
Ага чейин Ош шаардык муниципалдык турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгын, Ош шаардык көрктөндүрүү жана көгөлөндүрүү ишканасынын жетекчи орун басары, ошондой эле “Туран” муниципалдык башкармалыгынын жетекчи орун басары болуп иштеген.
Ал 1996-жылдын 3-январында туулган.
Муниципалдык инспекцияны түзүү тууралуу чечимди Ош шаардык кеңеши 3-июлдагы сессиясында кабыл алган. Бул мекеменин милдетине таштандыны уруксаты жок жерлерге төккөн жарандарды, ошондой эле “Тазалык” ишканасын — эгерде таштанды челектер өз убагында тазаланбаса — айыпка тартуу кирет.
Жаңы түзүмдө 12 кызматкер иштейт. Алардын айлык маянасына шаардык бюджеттен 3,5 млн сом бөлүнгөн.
Муниципалдык инспекция буга чейин Бишкек шаарында да иштеп келет (көрктөндүрүү жана санитардык абал боюнча). Ош шаарында ушундай эле түзүм түзүлдү. Июль айынын аягында Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын жетекчиси болуп Мирлан Таалайбеков дайындалган.
Нурсултан Шакир уулу демөөрчүлөрдү тартып, Ош шаарындагы көрүстөнгө баруучу 1,5 чакырым жолду асфальттап, ага 110 миң АКШ доллары сарпталган.
Ошондой эле ал Ош шаардык мэриясы тарабынан “Мыкты жетекчи” наамына ээ болуп, Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.